• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Раззаковдун вице-мэри кармалды

5 Чын куран 2024 16:00 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, УКМК Баткен облусу боюнча мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында Раззаков шаардык мэриясынын жана Сүлүктү-Лейлек шаардык «Кадастр» МИ филиалынын кызмат адамдары тарабынан Лейлек райондук билим берүү мекемесинин балансында турган жер участогун мыйзамсыз сатуу фактысын аныкталды.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Лейлек районунун бир катар кызмат адамдары, Раззаков райондук жергиликтүү кеңешинин айрым депутаттары жана жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз иш-аракеттерин жасагандыгы боюнча төгүндөлгүс далилдер алынды.

Натыйжада Раззаков шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын балансындагы 140 чарчы метр жер тилкеси түз сатуу-сатып алуу келишимин түзүү жолу менен Раззаков шаарынын тургунуна 40 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткен. Ошол эле учурда «Эксперт Групп» ЖЧКсынын көз карандысыз экспертинин корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин иш жүзүндөгү баасы аны сатуу учурунда 1 миллион 200 миң сомдон ашык болгон.

Учурда Раззаков шаарынын вице-мэри Я.М, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Лейлек району боюнча бөлүмүнүн адиси Б.А. жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы К.Ж. кармалып, Баткен облустук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарына карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 184