• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Ред Петролеум» май куюучу жайлар тармагынын ээси кармалды

14 Чын куран 202610:04 Бишкек Govori.TV

Red Petroleum май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Акылбек Маматов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-апрелде Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Red Petroleum компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматовду кармашкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, Акылбек Маматовдун үй-бүлөсү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышта. Маматовдун атасы Ташиев менен бирге Кыргыз футбол союзунун башкармалыгында иштейт.

Количество просмотров: 210