• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Референдум тууралуу мыйзам долбоору ЖКнын күн тартибине киргизилди

3 Бештин айы 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров тастыктаганын «Азаттык» жазды.

Акылбек Жапаров мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык экенин, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага өзү автор катары алып чыкканын билдирген.

«Бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Эгер депутаттар колдосо, эмки жумада экинчи жана үчүнчү окууга алып чыгабыз. Мыйзам долбоору 1-апрелден бери коомдук талкууда турат. Бийлик кандай болушу керектигин эл чечсин, президенттик десе, президенттик кылалы. Парламенттик десе, парламенттик кылалы. Чече турган орган керек болуп калды да»,-деп билдирген депутат Жапаров.

Количество просмотров: 46