• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Реформанын аркасы менен Бишкекке 24, Ошко 36, Жалал-Абадга 24 айыл кошулду

12 Жетинин айы 202417:23 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын аягында Президент Садыр Жапаров административдик — аймактык реформаны айыл аймактары менен шаарларда өткөрүү боюнча жарлык чыгарган. Натыйжада айылдык аймактардын саны бүгүнкү күндө 452ден 231ге кыскарды, ал эми шаарлардын саны 33кө чейин көбөйдү.

АТР адегенде Нарын облусу менен Түп районунда жүрүп, кийин жалпы республика боюнча ишке ашырылган.

Ошол реформадан кийин айыл өкмөттөрүндө иштеген кызматкерлер 45%ке кыскарган, башкача айтканда реформага чейин айыл өкмөттөрдө 10 094 адам иштесе, реформадан кийин 6 085 адам иштеп калган. Бул 1,8 млрд. сомду үнөмдөөгө алып келген. Мындай маалыматтарды Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик келтирүүдө.

Жумуштан кыскарган кызматкерлер да талаада калган жок, алар кадрлар резервине киргизилип, дагы башка шарттар түзүлгөн.

Административдик — аймактын реформанын аркасы менен бүгүнкү күндө Бишкекке 24 айыл, Ошко 36 айыл, Жалал-Абадга 25 айыл кошулган, натыйжада бул шаарлардын аймактары чоңойгон.

А бирок, ушул реформанын жыйынтыгында айылдык, шаардык жашоочулар үчүн мамлекеттик кызматтардын тейлөөсүн алууда ыңгайлуу болдубу же жокпу, азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 146