«Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун Instagram баракчасына катталгандардын саны 200 миллиондон ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Роналдудан кийин 173 миллион катталуучусу бар америкалык ырчы Ариана Гранде турат.
Ал эми үчүнчү орунга 170 катталуучусу менен америкалык актер Дуэйн Жонсон жайгашкан.
Футбол жаатындагы дагы бир жылдыз Лионель Мессиде 141 миллион катталуучусу бар.