Индира Жолдубаева «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйынына Башпрокуратуранын ишмердиги боюнча отчет берүү боюнча келген жок. Ал буга чейин «Ата Мекен» фракциясына да келбей койгон.
Фракция лидери Жыргалбек Турускулов жеке өзүнө расмий кат жөнөтүлөгүн, андыктан өзү отчет бериши керектигин айтты. «Жолдубаева эмне болуп ооруп калды?»,-деген суроосуна башпрокурордун орун басарлары, «аны айта албайбыз» деп жооп берди.
Ал эми депутат Зарылбек Рысалиев: «Биз башпрокурор кылып Жолдубаеваны шайлаганбыз, орун басарын шайлаган эмеспиз. Ооруган справкасы жок, кытайга дарыланып кетти беле? Эгер бүт милдетин мойнуна алам десе орун басарын сурайлы»,-деди.