• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

“Республика-Атажурттан” ЖКга кош жарандуу талапкер депутат болуп келеби?

23 Чын куран 2018 18:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV
ЖКнын депутаты, “Республика-Атажурт” фракциясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова жаңы Өкмөттүн курамында КРнын вице-премьер министри кызматына кеткени маалым. Мыйзамга ылайык, 21-апрелден тартып анын депутаттык ишмердиги токтотулуп, мандаты партиялык тизме боюнча кезеги келген талапкерге БШК тарабынан ыйгарылат.  Азырынча ЖКга депутат болуп келүү кезеги, парттизменин 86-сабында турган Сагындык Келдибаевге ыйгарылаары айтылууда. Муну, Govori.TVга  ЖКнын депутаты, фракциянын мурдагы лидери Руслан Казакбаев да тастыктаган.

Ал арада БШК тарабынан мандат ала турган Сагындык Келдибаевдин Орусия жарандыгын алгандыгы тууралуу айрым документтер редакцияга келип түштү. Ага үңүлсөк, 1967-жылы туулган Келдибаев Сагындык Аширалиевич 2012-жылдын 11-сентябрында Орусиянын Красноярск крайына караштуу Красноярск шаарынан Орусиянын жарандыгын алганы жана шаардагы жашаган даректери көрсөтүлөгөн. Ошондой эле паспортунун номурлары дагы КР ИИМи тарабынан суратылган катка жооп катары жазылып турат.
Албетте, азырынча, бул документтин чын-бышыгына кепилдик жок. Бирок, мындай документтерди КРнын Борбордук Шайлоо Комиссиясы, ИИМ, УКМК тыкыр текшерип чыгышы шарт.  Редакция ЖКдагы фракциянын катчылыгы менен байланышканда алар бул маселени фракция эмес БШК тактоого милдеттүү экендигин, талапкердин кош жарандуулугу тууралуу маалыматтары жоктугун айтышты.
Количество просмотров: 10