• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет

9 Үчтүн айы 2024 17:58 Бишкек Govori.TV

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасап жатып айтты.

Анын айтымына караганда, стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын алкагында тараптар Түркия президентинин Кыргызстанга күтүлүп жаткан визитин талкуулашты.

Министр сапардын так датасын азырынча ачыктаган жок.

Количество просмотров: 175