• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Резиденцияда Атамбаев 90 миллиондук хан сарай курса, Отунбаева 50 жыл мурда салынган дачада турат

6 Чын куран 2018 20:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.04.2018. Govori.TV.
Кыргызстандын борборунун түштүк ыптасындагы Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында экс-президент Роза Отунбаева, спикер жана премьер-министр жашаган дачалар 50 жыл мурда салынган. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Роза Исаковнанын дачасы бир кабаттуу, беш бөлмөдөн турат, аянты 173,0 м2. Бул үч имараттын салынганына быйыл туура 50 жыл болот. Дачанын абалы орточо, эмки 2019-жылга капиталдык оӊдоодон өткөрсөк деген оюбуз бар»,-деди Коеналиев.
Коёналиевдин айтымында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында убактылуу жашоого укугу бар жетекчилердин тизмеси президенттин чечими менен бекитилет. Бүгүнкү күндө бардык 16 дачанын ээлери бар. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевге жаңы үй куруу боюнча чечим бош дачанын жоктугунан эмес, алар санитардык-техникалык нормага жооп бербегендигинен улам кабыл алынган.
Ушул убакта мамлекеттик резиденцияда президент, спикер, премьер-министр, эки экс-президент жана Жогорку соттун төрайымы жашайт. Дачалар 60-70-жылдары салынып, эскирип, талапка жооп бербей калгандыктан калган дачалардын ээлери өз үйлөрүндө жашап жатышат.
Эскерте кестек, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияга экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн жаңы үй салынгандыгын Govori.TV. агенттигине тастыктаган.
«№17 мамлекеттик дача бюджеттен тышкары акчага курулду, мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн жок. Жаңы дачанын курулушуна 89,3 миллион сом жумшалды, анын 77,8 миллион сому Алмазбек Атамбаевдин чөнтөгүнөн бөлүнүп берилди. Учурда ал дачада экс-президент үй-бүлөсү менен жашап жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Иш башкармалык экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелинерин жана менчиктештирүүгө болбостугун билдирди. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.
Количество просмотров: 61