• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

РФ өкмөтү 2024-2025-окуу жылына кыргызстандыктар үчүн 700 орун бөлдү

8 Бештин айы 20239:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жарандары 15-декабрга чейин Россиянын жогорку окуу жайларында бакалавриат, адистик, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 2024-2025-окуу жылына карата Россиянын өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 700 бюджеттик квота бөлүнгөн.

ЖОЖдор, билим берүү программалары жана сайтка катталуу формасы тууралуу кеңири маалыматтарды бул шилтеме аркылуу, ал эми арыз берүү үчүн маалыматтарды төмөнкү телефондор: +996(312)30-05-43, 0770-22-45-95 жана [email protected] электрондук почтасы аркылуу алсаңыздар болот.

Количество просмотров: 83