Бүгүн, 17-апрелде жапырт башаламандыкка шектелип кармалган саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.
Азыркы тапта Айданбек Акматов, Рита Карасартова, Акыл Айтбаев, Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов сотко жеткирилди.
Былтыр октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалып, азыр 20га жакыны абакта отурушат. Бир нечеси ден соолугунан улам үй камагында.