• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өрнөктөгү кырсык алты өмүрдү жалмады

19 июля 2024 14:52 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы жол кырсыгына кабылып, ооруканада оор абалда жаткан бала да көз жумду. Тойота Авенсис» унаасында бараткан алты адамдын баары каза болду.

Бул жол кырсыгында Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын неберелери болгон. Ата-энеси жана тогуз жаштагы небереси (эгиздин түгөйү) ошол жерде каза тапкан.

Милициянын маалыматына караганда, алар түшкөн «Тойота-Авенсис» машинесинде жубайлар жана алардын төрт небереси болгон. Үч бала оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол түнү 9 жаштагы эгиздин түгөйү, эртеси күнү 14 жаштагы өспүрүм каза болгон. Бүгүн оор абалда жаткан бала да каза болду.

Жол кырсыгынан каза болгондордун тажиясы бүгүн өтүп, маркумдар жерге берилген.

Теги:
Количество просмотров: 2279