• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Росатом» Кыргызстанда курулуучу атомдук станциянын негиздемесин даярдайт

24 Жетинин айы 2022 9:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Орусиянын “Русатом Энержи Прожект” акционердик коому (“Росатом”) менен кызматташуусу жөнүндө документке кол коюшту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Макулдашууга ылайык, “Росатом” Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдайт. Сочиде өткөн “АТОМЭКСПО-2022” эл аралык форумунда документке энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Росатомдун” өкүлү Андрей Рождествин кол койгон.

Жыл башында Энергетика министрлиги Орусиянын «Росатом» корпорациясы менен биргеликте Кыргызстанда чакан атом электр станциясын куруу боюнча меморандумга кол койгону белгилүү болгон. Азырынча курулуш жөнүндө кенен маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 103