Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.
Өкмөт 2019-жылдын 20-мартындагы Кыргызстан жана Россиянын финансы министрликтеринин келишимине макул болду. Анда Россия тарап Кыргызстанга кайтарымсыз каржылык жардам берилээри айтылган.
30млн АКШ долларга чейинки кайтарымсыз түрдөгү каражат КРдин бюджетине 2019-жылдын 27-мартына чейин которулаары айтылган.
Эки тарап кабыл алган макулдашууга ылайык Кыргызстан бөлүнгөн каражатты өлкөнүн ички бюджетинин ажырымдарын толуктоого жана айлык акыны жогорулатууга, аскер кызматкерлерине турак жай курууга жумшалмакчы.
Жардамга берилген каражат тууралуу кыргыз тарап Россияга отчет берип туруусу керектиги айтылган.