• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоо үчүн колдонулган каражаттарды берет

3 Бирдин айы 202013:23 Бишкек Govori.TV

РФнын колдонуучулардын укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчө-өлкөлөрүнө коронавирусту аныктоо үчүн колдонулган каражаттарды берүүдө.

“Федералдык кызмат ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине жаңы 2019-nCoV коронавирустук инфекциянын кирүүсүнүн алдын алуу максатында колдоо катары лаборатордук текшерүү үчүн атайын каражаттарды берүүдө”, — деп айтылат ведомствонун сайтында.

Маалыматка ылайык, 1-2-февраль күндөрү Арменияга, Казакстанга, Беларусияга жана Өзбекстанга жаңы 2019-nCoV инфекциясын аныктоо үчүн россиялык тест-системалар берилген. Жакында Кыргызстан менен Тажикстанга жеткирүү күтүлүүдө.

РФ өкмөтүнүн колдоосу менен аталган федералдык кызматы тарабынан Евразиялык бирикмеге мүчө-өлкөлөргө тест-системаларды жеткирүү коңшу өлкөлөрдүн жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө потенциялын жогорулатууга багытталган.

Количество просмотров: 196