• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

«Россияда 5 адам чыгып алып, эмне ал элби?». Депутат Төрөбаев референдум тууралуу пикирин айтты

9 Бештин айы 202012:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөп, мамлекетти башкаруу формасын тандоодо элдин активдүү катыша турган ниети бар экенин айтты.

“Президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоодо эл активдүү катышабыз деп атышат. Биз башкаруу формасын аныктабай эле Конституцияга өтүп кеттик. Бир жолу ушу башкаруу формасын элге койбойлубу, эл өзү аныктасын. Конституцияда так жазылып турат, жаңы парламент келгенче биздин мөөнөтүбүз биздин ыйгарым укуктарыбыз өз күчүндө. Ошондуктан эч канча моюн бербегиле силер. Россияда 5 адам чыгып алып, эмне ал элби. Бул жерде 6 миллион деген элибиз бар”, — дейт ал.

Эске сала кетсек, 7-декабрда бир нече кыргыз жарандары Москвадагы Мамлекеттик Думанын имаратынын жанынан кыска мөөнөттүү жөө жүрүш уюштурушкан. Ал жакта спикер Талант Мамытов орусиялык кесиптеши менен жолугушуусу керек болчу. Он чакты адам азыркы курамды жана Жогорку Кеңештин төрагасын легитимсиз деп парламентти таркатууга чакырышкан.

Количество просмотров: 931