• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Россиядагы кыргызстандыктар 10-январга чейин каттоодон өтүүсү зарыл

9 Бештин айы 202211:21 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген Кыргызстандын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик мекендештерди Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өтүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу алар манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүүнүн шарттарын милдеттүү түрдө аткарганда гана мүмкүн болот.

Количество просмотров: 193