• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Россиядагы мобилизация. Орус жарандыгы бар кыргыздар эмне кылса болот?

22 Аяк оона 2022 11:41 Бишкек Govori.TV

21-сентябрь күнү Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин «мобилизация», «аскердик абал», «аскердик мезгил» деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертти.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда, Элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт”, — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Ар арада соцтармакта Россияда жашаган кыргыздарга да чакыруу кагаздары келе баштаганын билдиришүүдө. Мындан улам орус жарандыгын алган кыргызстандыктар мобилизацияны айланып өтүү мүмкүнчүлүгү барбы деген суроолор айтылууда.

Укук коргоочулар орус паспорту барлар Россия Федерациясынын аймагында Россиянын жараны катары карала турганын белгилешип, андыктан алар Россия Федерациясынын аймагынан мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кеткени жакшы деген кеңештерди беришүүдө.

Белгилей кетсек,Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. 2021-жылдын ошол эле убакыт аралыгында орус жарандыгын 8,4 миң кыргызстандык алган.

Ал эми Орусиянын шаарларында 21-сентябрь күнү аскерге жарым-жартылай моибилизациялоо тууралуу мыйзамга каршылыгын билдирип, жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты. Жалпысынан мобилизацияга каршы митинг, жүрүш, пикет жана башка акциялар Орусиянын 38 шаарында болду. Акцияга катышкандардын ичинен 1300дөн ашуун адам кармалганы кабарланды.

Количество просмотров: 257