Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарына Россиядан 450 (393 чоңдор жана балдар) кыргызстандык келди. Алар «Аэрофлот – Россия авиалиниясы» авиакомпаниясынын Москва—Бишкек каттамы менен келишти.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, аталган каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынын дарыгерлери жана Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.
Тактап айтканда, жүрүнчүлөрдүн тизмеси кыргызстандык жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлүп, кош бойлуу аялдар, ошондой эле жаш балдары бар аялдар тандалды. Ошондой эле учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жүргүзүлбөгөн «Аэрофлот» компаниясынын авиабилеттери барлар (ушул категориядагы) эске алынды.
Келген жарандар белгиленген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияда болушат.