• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Россиянын үч жараны коронавирусту жугузду

27 Бирдин айы 2020 8:50 Бишкек Govori.TV

Жапонияда жээкте турган Diamond Princess саякат кемесинен Казан шаарына эвакуацияланып келгендердин үчөө коронавируска кабылганы аныкталды.

Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги «Роспотребнадзордун» жетекчиси Анна Поповага таянып жазды.

23-февралда саякатчы кемеден сегиз жаран Россияга эвакуацияланып келген. Ал кемеде Орусиянын 24 жараны болгон. Анын ичинен жетөө Орусиянын Владивосток шаарына жеткирилген. Калгандары Орусияга баруудан баш тарткан.

Ушул тапта Россияда коронавируска чалдыккан болушу мүмкүн деген шек менен карантинде жаткандардын саны 8 миңден ашык.

Океанда саякаттаган «Даймонд принсесс» кемеси Жапониянын Иокогама портунда 3-февралда коронавируска байланыштуу 3700дөй кишиси менен лайнердин өзүндө карантинге алынган.

Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80 миңден ашты. Каза болгондордун саны 2700гө жетти.

Количество просмотров: 4812