• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун сөзүнө жооп берди

27 Аяк оона 2019 9:33 Бишкек Govori.TV

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Facebook баракчасы аркылуу теле алып баруучу Андрей Малаховдун кыргызстандык таксист тууралуу айткандары боюнча билдирүү таратты.

«Малахов — биздин баатыр эмес! Теле алып баруучу Андрей Малаховдун айткандары боюнча бир эле нерсени билдирүүгө болот: адамды таарынтуу оңой, бирок аны менен жашоо кыйын. Андан да жаманы — бүткүл элди кемсинтүү», — деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, «Россия 1» каналынын «Прямой эфир» программасынын алып баруучусу Андрей Малахов Маруговдун өлүмү боюнча берүү даярдаган. Ал программа учурунда таксист бирөөнүн буйрутмасы менен атайылап кылмышка барышы мүмкүндүгүн божомолдогон.

Рулда 23 жаштагы кайдагы бир мурдун тарта албаган бала болгон. Ал башка мамлекеттен келип, бир нече айдан бери такси кызматында иштеп жүрүптүр. Ага бирөө 100 миң доллар берсе үй-бүлөсүн, туугандарын, бүтүндөй айылын бактылуу кыла алат. Мындай акчаны алар өмүр бою иштеп таба албайт да, себеби айлыктары 10 доллар, — деген Малахов.

Количество просмотров: 382