2010-жылы Убактылуу өкмөттү башкарган Роза Отунбаева 23-августта 70 жашка толот. Экс- президент бул жолу туулган күнүнө гүлдүн ордуна өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жардам сурады. Бул тууралуу ал «Фесбуктагы» өздүк баракчасына жазды.
«Урматтуу мекендештер, достор, коллегалар жана жакындарым! Ар дайым даталуу күндөрдө мени чын ниетиңер менен куттуктап, кымбат баалуу гүл белектерди берип келесиздер. Жакындап келе жаткан 23 августтагы 70 жылдык мааракеме байланыштуу кайрадан белектер жана айрыкча гүлдөр тартуулана баштайт. Мен ошол ар кандай баалуу белектерден жана гүлдөрдү алуудан баш тартам. Белек алуу мезгили эмес. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде кыргыз элим дагы таажы вирустан далай азаптарды көрдү, жоготуулар болду. Оору менен күрөшүүдө өмүрүн тобокелге салып дарыгерлер менен катарда миңдеген медкызматкерлер иштешти. Мага бере турган гүл белектерди ала турган акчаңыздарды 100 сом болсо дагы атайын эсепке которсоңуздар ыраазычылыгымды билдирип кабыл алам жана топтолгон акчаларды медайымдарга колдоо көрсөтүүгө жөнөтүү ниетим бар. Сиздерге алдын ала ыраазычылыгымды билдирем»,-деп жазган Отунбаева.
Гүл белекке арналган акчаларды 0552252599 Элсомго салып койсоңуз болот!
Сиздин куттуктооңуз эки дарекке, Роза Исаковнага жана медайымдарга жетет!
Колдоо алган медсестралардын тизмеси боюнча маалымат беребиз.