• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Роза Отунбаевага Кувейт мамлекетинин чыгаан айымдары үчүн сыйлыгы ыйгарылды

22 Жалган куран 2019 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV.

Экс-президент Роза Отунбаевага Кувейт мамлекетинин чыгаан айымдары үчүн сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык Нооруз майрамынын алдында Эль-Кувейт шаарында Кувейт эмири Шейх Сабах Ал-Ахмад Ал-Жабер Aл-Сабахтын катышуусунда Отунбаевага тапшырылды.

«Роза Отунбаеванын демилге фонду» маалымдагандай, чыгаан айымдар үчүн Кувейт премиясы мамлекеттик, жеке жана жарандык коомду жакшыртууга салым кошкон айымдарга берилет.

Аталган сыйлык эл аралык деңгээлде Кувейттин позициясын “Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” тармагында бекемдөө менен туруктуу өнүгүү алкагында бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын жетиштирүүнү көздөйт.

Сыйлык 8-март эл аралык айымдар күнүнө карата ыйгарылды.

Роза Отунбаева 2010-жылы 7-апрелде Убактылуу өкмөттү жетектеген. 2010-жылы июнда Референдум аркылуу Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти болуп шайланган. 2011-жылдан бери «Роза Отунбаеванын демилгелери фондун» жетектеп келет.

Количество просмотров: 4