• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Роза Отунбаеванын фонду «Көчмө өнүгүү борборун» уюштурду

13 Бештин айы 2017 9:08 Бишкек Govori.TV

Мектепке чейинки наристелерге экс-президенттин фонду көңүл бурууда

Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарындагы №94 мектепте “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Көчмө өнүгүү борбору” деп аталган иш чара болуп өттү.
Иш чарага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.


Иш чаранын негизги максаты мектепке чейинки балдардын калыптанышына, ден соолугуна, дүйно таанымынын кеңейишине ата энелердин жана коомчулуктун көңүлүн буруу. Катышуучулардын айтымында наристе билиминин жана дүйно таанымынын 60 пайызын мектепке чейин эле калыптандырат. Ошондуктан коомчулук, өзгөчө ата энелер наристенин ден соолугунан тартып туура сүйлөсүнө чейин кылдат көңүл бурушу абзел.

Иш чараны “Р.Отунбаеванын демилгеси” фонду Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бишкек шаардык мэриясы жана бир нече Жогорку окуу жайлары менен биргеликте Бишкек шаарындагы 8 конушунда өткөрүп турмакчы.

Количество просмотров: 23