• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өрт чыккан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда

22 Баш оона 202511:31 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 22-августунда Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Өрттү өчүрүү иштерине саат 09:51де Ош шаардык №13 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 10:04тө дагы 1 бөлүм жана авто шаты тартылып, жалпы 2 бөлүм иш алып барууда.

Мындан тышкары, саат 10:30да Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды.

Өрт саат 10:46да чектөөгө алынды, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрт кырсыгы катталган көп кабаттуу үйдөн куткаруучулар тарабынан эвакуация иштери жүргүзүлдү.

.

Теги:
Количество просмотров: 132