• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Рубль наркынын түшүп кеткени мигранттарга чоң ыңгайсыздык жаратат

11 Аяк оона 2018 9:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV.
Кыргызстандын акча рыногунда жашыл акчанын наркы өсүп, орус акчасынын курсу төмөндөп кетти. Бул акча рыногунда жылга кайталанып туруучу процесс экенин “Дордой” базарындагы акча алмаштыруучу жайлардын биринде көп жылдан бери эмгектенип келген Гүлжигит Аманбаев айтып берди.
“Мен акча алмаштыруу жайында көп жылдан бери эмгектенем. Азыркы учурдагы кырдаалга мен таң калбаймын. Анткени, бул учур жылда бизде кайталанып турат. Жылга Ысык-Көлдөн элдер кайтканда, сезон жыйынтыкталганда бул абал бизге сезилет. Бул тенденция кайталанып турганынан улам көнүп бүткөнбүз. Бирок, мурда доллар өсүүсү боюнча чоң секирик жасачу. Быйылкы жылда нормада эле кетип жатат. Ал эми рублдун түшүп кеткени эмгек мигрантарына чоң ыңгайсыздык жаратып жатат. Былтыр рубль 0.80ге чейин түшкөн. Эми бул дагы чоң саясат” – деп билдирди ишкер.
Бирок, биз базарды аралап, акчанын курсу ар жерде ар кандай баада экенине күбө болдук.
“Дордой” базарындагы доллардын наркы бүгүнкү күнгө сатып алуу 69.7 түзсө сатуу 70.0 жеткен. Ал эми “Алкан” базарында сатып алуу 68.0, сатуу 69.0 көрсөтүп турганына күбө болдук. Кыргызстандын акча рыногунда жашыл акчанын наркы өсүп, орус акчасынын курсу төмөндөп кетти.

 

Количество просмотров: 273