• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Интернетте экстремисттик материалдарды тараткан шектүү кармалды

14 Жалган куран 2024 12:31 Бишкек Govori.TV

Баткен облус аймагында экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан «Нелегал» аталыштагы ыкчам иш чара өткөрүлүүдө.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шш-чаранын жүрүшүндө, Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлери ыкчам иш-чаралардын натыйжасында интернет социалдык тармагында «Өзбекистан ислам кыймылынын» экстремисттик террористтик уюмунун материалдарын таратып жүргөн У.С. деген колдонуучу аккаунт ачып алып экстремисттик террористтик маанидеги материалды жайгаштырып жүргөн.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Тартууга шектелип, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремистик террористтик топтордун идеологияларынын колдогон, Баткен облусунун 27 жаштагы А.У. аттуу тургуну аныкталган.

Ал социалдык тармакка катталып, анын колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган. Ага карата «экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» боюнча КРнын кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 88