• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сот жарандык активист Айжан Мырсалиеваны күнөөлүү деп таап, айып пул салды

24 Жалган куран 2023 14:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиеваны күнөөлүү деп таап, айып пул салды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттун 22-марттагы чечими менен жарандык активист Айжан Мырсалиевага 100 миң сом айып салынган.

Ал эми Мырсалиева бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын билдирди.

Былтыр 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук милициясы жарандык активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 103