Бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант беришти.
Бирок ант берүү аземине тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышкан жок. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ал Астана шаарына иш сапары менен кеткенин билдирди.
Белгилей кетсек, Казакбаев түшкө чейинки жыйынга катышкан.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчы болуп шайланган. Ошону менен катар өкмөттүн ал сунуштаган курамы жана структурасы жактырылган. Ал эми депутат Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри болуп дайындалган.