• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тышкы иштер министри эксперттер менен эмнени талкуулады?

16 Бештин айы 2022 9:50 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТИМдин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу жана 2023-жылга белгиленген тышкы саясий ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары менен тааныштыруу максатында эксперттик жана аналитикалык коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча ачык пикир алмашуу болду.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы саясат таануучуларга өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо, улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнү жана чет мамлекеттердеги жарандарыбыздын укуктарын камсыз кылуу боюнча ата мекендик дипломатиялык кызматтын алдына коюлган президенттин тышкы саясий тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Кулубаев ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан экономикалык дипломатия чөйрөсүндө коюлган милдеттерди иштеп чыгуунун жыйынтыктары менен жолугушуунун катышуучулары менен бөлүштү.

Министр 2023-жылы КР Тышкы иштер министрлиги мамлекет башчысынын жогоруда аталган тышкы саясий тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн чечүүгө багытталган көп тармактуу иштерди уланта турганын белгиледи. Ушуга байланыштуу КР Тышкы иштер министри тышкы саясаттын негизги жана артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча көз караштар жана пландар тууралуу кыскача баяндама берди.

Жолугушуунун аягында Жээнбек Кулубаев өлкөнүн тышкы саясаты ырааттуу, алдын ала айтууга боло турган, прагматикалык жана көп тараптуу жана эки тараптуу дипломатиянын алкагында эл аралык кызматташууда улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталгандыгын ырастады.

Количество просмотров: 48