Руслан Казакбаев Бабановдун иши боюнча президентке кайрылуу жасады
Руслан Казакбаев Бабановдун иши боюнча президентке кайрылуу жасады
11 Тогуздун айы 2018 11:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабановдун чет өлкөдө жүргөнү боюнча президентке кайрылуу жасады. «Президент өлкө үчүн активдүү адамдарды бириктирип, иштеш керек деди». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев парламент жыйынында айтып, президентке кайрылуу жолдоду. Анда Сооронбай Жээнбековдун Таласка жасаган сапарында айткан сөзүн эске салып, Өмүрбек Бабановдун маселесин айтты.
«Президент Таласта автидүү адамдарды бириктирип, иштөөгө даяр экенин айтты. Мен анын бул демилгесин колдойм. Президенттик шайлоо өткөнүнө 1 жыл болду. Оппозициядан Жээнбековго атаандаш талапкер катары чыккан Өмүрбек Бабанов шайлоочулар 34 пайызын алгач болчу. Аягында шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп тааны, колдоп берди эле. Ал алкачкылардан болуп Сооронбай Жээнбековду куттуктаган. Шайлоодон кийин ден соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Өлкө стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашпады. Президентке өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан бул маселени өз көзөмөлүнө алып, карап берүүсүн суранам»-деди Казакбаев
Атай Бейшенбек Президентке кайрылды: Садыр ава, сиз 6-октябрь мыйзамсыз өкмөт башчы болду деп, 9-октябрь кайра шайландыңыз эле, ошондо 3 күн мыйзамсыз өкмөттө отурдуңузбу?
«Кемпир-Абад» маселеси боюнча камака алынган Атай Бейшенбек Президентке жана коомго ачык кайрылды. Кайрылууда мындай деп …