• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Рыскелди Момбеков Мискенбаевди «чагымчыл» атады

20 Жалган куран 2018 14:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.03.2018.Govori.TV
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты «Азаттык» радиосуна билдирди.
«Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу тууралуу алдын ала эле айгай сала бергендин өзү туура эмес. Бул чагымчылдык. Эгерде ошондой маселе жаралып, президенттин жакындары бийликке аралашып, эл арасында аңыз кептер чыга баштаса, ошентип айтса бир жөн эле. Асылбек Жээнбеков — катардагы депутат. Ал комитетти же фракцияны да башкарбайт. Анан ал агасы менен кошо бийлик жүргүзүп, мамлекетти башкарып жатканы тууралуу сөз жок. Анан дагы Асылбек Шарипович өзү «агам президент болсо, мандатымды тапшырам» деп кимдир бирөөгө убада бергенин укпаптырмын»-деди Рыскелди Момбеков. 

 

Количество просмотров: 33