• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

С. Абдырахманов Атамбаевден КСДПнын мөөрүн өткөрүп берүүсүн талап кылды

5 Чын куран 201913:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.04.2019.Govori.TV.

Сагынбек Абдырахмановдун жетекчилиги алдында турган альтернативдүү КСДП бүгүн «24.kg» агенттигине маалымат жыйын өткөрүп Алмазбек Атамбаевден партиянын расмий мөөрүн өз каалоосу менен өткөрүп берүүсүн айтышты.

«Юстиция министрлигине кайрадан партияны каттоо үчүн юристтер баардык документтерди даярдашты жана А. Атамбаевге мөөрдү өткөрүп берүүсү үчүн расмий кат жөнөтүлдү, себеби ал мындан ары КСДПнын лидери жана катардагы мүчөсү да эмес. Ал эми юстиция министрлиги кайрадан партияны каттоосу керек. Себеби биздин укуктарды 3-апрелде өткөн съездде аныкталган»,- деди Абдырахманов.

Эгер А. Атамбаев партиянын мөөрүн бербесе, анда альтернативдүү КСДП мөөрдү сот аркылуу алышаарын Сагынбек Абдырахманов кошумчалап өттү.

Количество просмотров: 13