• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

С. Исаковду депкомиссия күнөөлүү деп тапкан

26 Чын куран 2018 15:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек 26.04.2018. Govori.TV
Бишкек ТЭЦиндеги аварияны иликтеген парламенттин депутаттык комиссиясы экс-премьер министр Сапар Исаковду күнөөлүүлөрдүн тизмесине кошкон. Бул тууралуу ЖКдан атын атагысы келбеген эл өкүлдөрүнүн бири билдирди.
Анын айтымында, ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишим өтө кымбатка түшкөн жана долбоор толук аягына чыккан эмес.
Эске сала кетсек, өткөн жума парламенттин ишенбестигинен улам кызматтан кеткен С.Исаков ТЭЦ модернизациясы боюнча кытайлык ТБЕА компаниясы менен келишим түзгөн маалда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектечү.
Количество просмотров: 10