Кыргызстан дүйнөдөгү эң берешен 20 мамлекеттин катарына кирди. Бул тууралуу CentralAsia басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жылда берешен өлкөлөрдүн рейтингин чыгарган Британиялык Charities Aid Foundation фондунун тизмесинде Кыргызстан 18-катарга жайгашкан.
«Кыргызстан бул рейтингде чоң секирик жасаган эки өлкөнүн бири. Кыргызстан 2014-жылы 83-орунда болсо, бул жылы 65-орунга жогорулаган. Мунун себеби кайрымдуулук каражатынын төрт эсе өсүшү менен байланышкан»,-деп айтылат маалыматта.
Изилдөөлөргө караганда, бул өсүш Рамазан айында мусулмандардын башкаларга жардам берүү чакырыгы менен байланыштуу.
Рейтингди түзүү изилдөөлөрү, өлкөдөгү кайрымдуулуктун үч аспектиси менен каралат.
Кыргызстанда акчалай кайрымдуулуктун өлчөмү 57%ды түзгөн. Экинчи аспекти – бейтааныштарга жардам көрсөтүү – 53%, ал эми ыктыярчылык кыймылга бөлгөн убакыт – 36%ды түзгөн.