Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алтын алды.
Шаршенбеков финалдык беттеште атаандашы болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарянды жеңип алды.
Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0) утуп алган.
Кошумчалай кетсек, Шаршенбеков 23 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге алган.