• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду

23 Аяк оона 2023 23:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалда япониялык атаандашы Кенитиро Фумитаны 11:6 эсебинде утуп, Дүйнө чемпиону болду.

60 кг салмакта күч сынашкан Шаршенбеков алгачкы беттешинде литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде, экинчи беттеште грузиялык Придон Абуладзени 9:0 эсебинде, чейрек финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 10:0 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын спортчулары 2024-жылы Париже өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына бешинчи жолдомону багындырышты. Буга чейин суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жолдомо алган.

Количество просмотров: 396