• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үсөнбаев: Акыркы суткада медицина кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок

18 Чын куран 202010:26 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Бул тууралуу бүгүн,18-апрелде онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 116 учур бойдон калды.

Кошумчалай кетсек, 18-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, илдетке чалдыккан 16 бейтап ооруканадан чыгарылды. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 506 адамга, айыккандардын саны 130 адамга жетти. 

Количество просмотров: 162