• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Үсөнбаев: Бишкек менен Нарында кырдаал курч бойдон калууда

29 Бугу 202011:39 Бишкек Govori.TV

Нарын облусу менен Бишкек шаарында
эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 29-майда онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Нарында облустук ооруканада оору көп катталды, облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине да вирус тарап, абал бир аз курчуп кеткен. Бишкекте бир нече медициналык мекемелерде: онкологиялык жана жугуштуу оорулар ооруканасында, бир катар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда оору чыгып кетип, вирус жуккандардын саны көбүрөөк болду»,-деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 121