• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үсөнбаев коронавирус чыккан №17 ҮМБнын кызматкерлеринин обсервацияга кеч алынуусунун себебин айтты

18 Чын куран 202012:14 Бишкек Govori.TV

Кечээ Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун төрт кызматкеринен коронавирус илдети аныкталганын айтылган. Ал эми ал жакта иштер, вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон башка даарыгерлер үйлөрүнө барбай министрликтин чечимин күтүп жатышканын айтышкан. Алар 17сааттан бери байланышта болгон дарыгерлерди обсервацияга алуу тууралуу маселе чечилбей жатканына нааразы болушкан эле.

Ал эми бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге буга байланыштуу суроо берилип, ал дарыгерлерге обсервациянын шарттары жакпагандыктан, башка жакты даярдоо убакыт алганын айтты.

«Ооба, кечээ ушундай абал жаралып калды. Бул маселе борбордун кызматкерлери биздеги бар обсервацияларда жатууну каалабагандыктан, шарты жакшы жатаканаларды талап кылгандыктан, ал жатаканалардын акысын төлөгөнгө чейин жаралып кетти. Бирок көйгөй чечилди, аракеттер көрүлүп, алар өзүнчө жатаканага жайгаштырылды. Кечинде биз барып кабар алдык, алар тынчтанып, жайгашып, учурда эс алып жатышат. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ошол жактан №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери текшерүүдөн өтүшөт. Эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат, бул маселе биздин көзөмөлдө», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 422