• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сүрөт — Султан Раевдин сүрөтчүлүк өнөрү

5 Бештин айы 2018 4:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.12.2018.Govori.TV
Белгилүү жазуучу, драматург, котормочу жана журналист Султан Раевдин сүрөтчүлүк өнөрү дагы бар экен.
Тарткан эмгектерин драматург социалдык тармактагы өзүнүн жеке баракчасына жүктөдү.
Ал бул өнөр менен кичинесинен алпурушуп келе жатканын жана сүрөтчүлүк хоббиси экенин жазган.
Бирок, ал бул убакка чейин бул өнөрүн сыр тутуп, ачыктаган эмес. Учурда Султан Раев тарткан чыгармалары менен 2019-жылы Сеулда өтө турган эл аралык көргөзмөгө катышуу камын көрүүдө.

«Кече көптөн бери сыр катары купуя катып келген сүрөттөрүмдү белгилүү сүрөтчү агам Жылкычы Жакыпов ФБга жарыялап жибериптир. Мен үчүн да, мени тааныгандар үчүн да күтүүсүз болду окшойт. Сүрөттү бала кезден тартчумун. Бирок, көп деле «ачыкка чыгара» элек болчумун.Сүрөт тек гана менин хоббим. Бир жолу псевдоним менен сүрөт көргөзмөсүнө катышкамын. Анда эч ким билген эмес. Бирок, псевдоним менен көргөзмөгө койгон сүрөтүм Сеулдан келген көргөзмө уюштуруучуга жагып калыптыр. Автору ким десе? «Мен» деп «ачыкка чыгууга» туура келди.Жашырганда эмне?..Бир картинам Францияда жеке коллекцияда, бирөө Москвада. Сеулдан келген эл аралык көргөзмө уюштуруучу 2019-жылы жай айында өтүүчү Сеул эл аралык көргөзмөсүнө бир нече иштерим менен чакырды. Ушунчалык болгондон кийин ошо көргөзмөгө катыша турган картинанын ичинен бир нечесин жарыялагым келди. Алардын аталышы «Рождения», «Затмение»»,- деп жазды Султан Раев.

Султан Раев «Таймам» пьесасынын негизинде коюлган спектакль Уфа шаарында өткөн III Эл аралык театр фестивалында биринчи орунду, Карши шаарында өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун, «Нооруз» театр фестивалынын Гран-Присин, Германияда өткөн Эл аралык театр фестивалынын дипломун жеңип алган.
С.Раев режиссер катары «Кашар» пьесасын Нарын драма театрында, «Исхак Раззаков», «О, кыздар!» пьесасын Ош драма театрында, «Ханышанын көз жашы» пьесасын Туңгуч драма театрында койгон.
Султан Раев адабият жана искусство тармагындагы Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү.

Количество просмотров: 81