• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сөз эркиндиги: Бишкекте 6 өлкөнүн журналисттери онлайн телекөпүрө өткөрүүдө

9 Бештин айы 2022 10:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрь — Эл аралык адам укуктарынын күнүндө Сорос Фондунун колдоосу менен Кыргызстандын Медиа Актив Платформасы биргеликте журналисттердин ортосунда онлайн телекөпүрө өтүп жатат.

Онлайн телекөпүрөдө журналисттер Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, ар кандай кысым, куугунтук, маалымат каражаттарына бөгөт коюу, ЖМКга мыйзамдуу чектөөлөр жана учурдагы кырдаалга жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде жооп кайтаруу боюнча жалпы аракеттерди талкуулашууда. Журналист Семетей Аманбеков төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. Ошол эле учурда Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөмбиев камакта отуруп чыкты. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин коңшу республикага өтүшүнө каршы пикирин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Алардын ичинен алтоо айым»,-деди Аманбеков.

Иш-чаранын жалпы жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым көрсөтүүнү токтотуу, республикадагы сөз эркиндигин чектеген мыйзам чыгаруу демилгелерин жокко чыгаруу боюнча кайрылуу эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдонот.

Белгилей кетсек, 1-декабрдан тартып 9-декабрга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо боюнча маалыматтык өнөктүгү жүрдү. Акциянын максаты — дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыяланды. Маалымат өнөктүгүнө Грузия, Молдова, Украина, Казакстан, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттер катышты.

Үгүт өнөктүгү учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана ЖМКларды колдоо максатында кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылган.

Количество просмотров: 89