• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстандын позициясы кандай?

16 Теке 2019 21:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 2019-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЖМК эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун Өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды.

Сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелери талкууланды.

Министр ЖМКлар, социалдык тармактар менен жигердүү иштөөнүн маанилүүлүгүн жана «фейк жаңылыктар» сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи. Тараптар «фактчекинг» институтунун ролун жана ЖМК өкүлдөрү, ошондой эле КР мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүүнүн натыйжалуулугун белгилешти.​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

А.Дезир Кыргызстандагы плюрализмдин жогорку деңгээлин баса белгилеп, сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин​ камсыз кылуу боюнча ЕККУнун милдеттенмелерин Кыргызстан жактай тургандыгын жана олуттуу жетишкендиктердин бар экендигин белгиледи. ЕККУ Өкүлү «Чек арасыз репортерлор» Эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстандын позициясынын жакшыргандыгын оң баалады, бул рейтинг боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 83-орунду ээлеп турат.

​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ 2019-жылдын 17-18-июлунда Бишкек шаарында өтө турган ЕККУнун «ЖМКлардын эркиндиги жана санариптик трансформация доорундагы плюрализм» аттуу Борбор-азиялык 21-медиа конференциясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ЖМК эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун өкүлү А.Дезир аталган иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.​

Количество просмотров: 8