• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

“Сөз эркиндиги кыргыздын тарыхында, канында бар”. Басма сөз эркиндигинин күнү белгиленди

5 Бугу 2024 18:27 Бишкек Govori.TV

Жыл сайын бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата кыргызстандык журналисттер ишембилик өткөрүп, көчөттөрдү отургузуп келет. Быйыл дагы кесиптештер бул жараянды көз жаздымда калтырган жок.

Иш-чара адаттагыдай эле Бишкек шаарынын Чапаев жана Айни көчөлөрүндө жайгашкан журналисттер аллеясында өткөрүлдү.

Ишембиликти уюштурган Медиа Аракет Платформасы басма сөз эркиндигинин принциптерине таазим кылып, учурдагы журналисттердин ишмердүүлүгүнө карата болуп аткан чектөөлөргө, тоскоолдуктарга, кысымдарга дуушар болуп, абакта камалган кесиптештерге тилектештик көрсөттүү башкы максат болгонун билдирди.

сүрөт: Гладис Темирчиева
сүрөт: Рахатай Абдимиталип кызы

Ишембилик акциясы “Бизди абакка отургузса, биз бак отургузабыз” ураанынын алдында өткөрүлдү.

“Сөз эркиндиги кыргыздын тарыхында, канында бар”

Акциянын катышуучусу, мурдагы омбудсмен Атыр Абдрахматова дем алганда аба кандай керек болсо, ой жүгүртүүнүн эркиндиги дагы адамга ошончолук деңгээлде керек экенин белгиледи:

Рахатай Абдимиталип кызы жана Атыр Абдрахматова

“Ой эркиндиги абадай эле керек. Ал жок болсо, көз карашыбыз чектелип, болгон манипуляцияга макул болуп жашаган учур келип калат […] Менин оюмча элдин көпчүлүгү журналисттерге болгон басым мыйзамсыз, негизсиз болуп атканын түшүнүп турат. Бул биздин тарыхыбыздын дагы бир баскычы. Мындай окуялар мурда деле болгон. Мисалы, 2005-жылдары De facto, Respublica гезиттери жабылып, алардын мүлкү алынган. Азыр деле балансты, жогорку стандарттарды карманган журналистикага басым жасалып атат. Бул деле бир учур болуп өтүп кетет. Ал эми Кыргызстандагы сөз эркиндигинин тамыры ушул бак-дарактардыкындай эле терең. Ал кыргыздын канында, тарыхында бар”, — деди Абдрахматова.

сүрөт: Павел Горячкин

“Сөз эркиндиги ар бир жаранга керек”

Ал эми журналист Токтосун Шамбетов сөз эркиндиги ар бир жаранга керек экенин белгилеп, журналисттер, кандай гана жагдай болбосун, өз ишин так аткарышы керектигин билдирди:

“Буга чейин сөз эркиндиги журналисттер, блогерлер же активисттер үчүн гана маанилүү деп ойлосок, азыр ал баарыбызга керек экенин билдик. Ататүрк паркынын тургундарына, базардагы сатуучуларга, баарына…. Эгер сөз эркиндиги “Титаник” сымал чөгүп атса, андагы журналисттер музыканттарга окшоп, аягына чейин эки тарапка тең тартпай, өз ишин так аткарышы керек. Кандай гана кырдаал болбосун, канчалык басым-кысым же камоолор болбосун, же ар кандай мыйзамдар кабыл алынбасын, журналисттер аркы тарапка же берки тарапка өтүп кетпей, өз ишибизди так аткарышыбыз керек. Кыргызстанда дайыма эле ушундай жагдай боло бербейт, жамгырдан кийин күн жана анын аркасынан күн желеси дагы чыгат, — деди Шамбетов.

Токтосун Шамбетов жана Перизат Сеитбуркан, сүрөт: Максат Боромбаев

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар абактагы кесиптештер тууралуу дагы сөз кылышты. Алсак, журналистикада 25 жылдан бери эмгектенип келген Кайыргүл Урумканова төмөнкүлөргө токтолду:

“Жыл башында журналистикага терс таасирин тийгизчү окуялар болуп кетти. 11 журналист камалып, азыркы тапта төртөө абакта отурат. Биз аларга тилектештик көрсөтүп, бул жерге чогулдук. […] Журналисттер — бул коомдун жүзү. Алар өлкөнүн душманы эмес, тескеринче, коомду алдыга сүрөгөн чоң процесстердин жүрүшүнө түрткү болгон мотор десек болот. Журналисттер менен иштеш керек, алар менен сыймыктаныш керек, алар менен бирге Кыргызстанды алдыга сүрөш керек”, — деди Урумканова.

Кайыргүл Урумканова

Ал эми иш-чаранын дагы бир катышуучусу, блогер Нургазы Мусаев камоолор өлкөнүн эл аралык аренадагы абалына терс таасирин тийгизерин белгиледи:

“Журналисттердин камалышы Кыргызстандын имиджине эбегейсиз чоң сокку урду. Биз көп эл аралык актыларга кол койгонбуз. Демократиялык режимди куруу үчүн эл аралык донорлордун колдоосуна ээ болуп, гранттарды алганбыз. Убадаларды бергенбиз. Анан кайра өзүбүз ошол демократиялык принциптерди бузуп, карыз сурап отурабыз. Бүгүнкү күндө кесиптештердин эмне үчүн камалганын жакшы түшүнүп турабыз”, — деди ал.

Нургазы Мусаев

Кесиптештер арасында тилектештикти өнүктүрүү максат болгон

Жыл сайын санаалаштар жолуккан жерге айланган журналисттер аллеясы 2010-жылы негизделген. “Журналисттер” коомдук бирикмесин жетектеп турган Марат Токоев кыргыз тилдүү жана орус тилдүү кесиптештердин ынтымагын бекемдеп, алардын башын бир аянтчада бириктирүүнү көздөгөнүн эскерет.

сүрөт: Марс Төлөгөнов

“Биз кесиптештер арасында тилектештикти өнүктүрүү максатында журналисттер үчүн бейформалдуу аянтча түзүүнү максат кылганбыз. Алгач бильярд оюндарын өткөрчү элек. Бирок, бул, биринчиден, каражат талап кылат экен. Экинчиден, бардык эле журналисттер бильярд ойной бербейт экен. Андыктан, жалпы эмгек бизди бириктирет деп үмүт артканбыз. Мэрияга кайрылып, бак отургузуу үчүн жер тилкесин суранганбыз. Мэрия ушул аллеяны бөлүп берген. Биринчи жылы 100дөн ашуун бак отургуздук, 40тай журналист чогулган. Ошол кезден тарта жыл сайын басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата ишембилик өткөрүү салтка айланган”, — дейт ал.

2021-жылы өткөрүлгөн ишембилик. Сүрөт “Журналисттер” коомдук бирикмесинин социалдык тармактагы баракчасынан алынды

Азыркы тапта журналисттер аллеясы 2GIS, Google Maps жана Yandex Taxi тиркемелерине түшүрүлгөнүн көрүүгө болот.

Акыркы үч жылдан бери ишембилик жана бак отургузуу жараянын Кыргызстандын Медиа Аракет Платформасы уюштуруп келет.

Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 120 орунда

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун рейтингине ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 120-орунду ээлеген. Былтыркыга салыштырмалуу сөз эркиндигинин абалы эки тепкичке көтөрүлгөнү менен баяндаманын авторлору бул жөн гана механикалык эффект экенин айтышат. Себебин башка мамлекеттердин абалы өтө эле төмөн түшүп кеткенине байланыштуу деп түшүндүрүшөт.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан мурдагы жылга салыштырмалуу дүйнөлүк рейтингде 50 орунга артка кетип, 122-сапка жайгашкан.

Ал эми бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндигине кысым жоктугун, журналисттердин ишмердүүлүгү үчүн тиешелүү шарттар бар экенин белгилеп келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин кезектеги жыйынында өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана ар бир жаран өз пикирин ачык айта аларын билдирген.

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде камакка алынган 11 жаранды “алар кесипкөй журналист эмес”, “социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деп атаган. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө 11 журналистти бийлик “тарбиялоо” үчүн камаганын айткан.

Кыргызстандын Медиа Аракет Платформасынын тең негиздөөчүсү Чолпон Ногойбаева өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалынын начарлашын байбакай коюу мүмкүн болбой калган учурда символикалык акцияларды өткөрүү өтө маанилүү деп белгиледи.

“Символикалык акциялар адамдарга алар бирге жана тилектеш экенин маалымдайт. Ал эми кесиптештер камалган учурда мындай иш-чараларга муктаждык жогорулайт. Биз аларга колдоо көрсөтөбүз. Бул абдан маанилүү. Мындан тышкары, өз пикирибизди билдирүү, өз укуктарыбызды коргоо кадыресе, нормалдуу көрүнүш экенин бири-бирибизге тастыктаганыбыз дагы маанилүү. Бул акциянын эмгек менен, бак отургузуу менен байланышта болгону дагы көп нерседен кабар берет”, — деди Ногойбаева.

Автордон: кыргыз журналистикасынын тарыхын узак сапар катары баалай турган болсок, азыркы таптагы сөз эркиндигине байланыштуу жагдайлар кыйынчылык менен ашуу ашып аткандай элес калтырат. Кыргызстандык журналисттер бул кырдаалдан дагы татыктуу чыгарына ишеним чоң.

Аянты жагынан дүйнөдө биринчи орунду ээлеген ири державанын моделин Кыргызстанга орнотуу, ал өлкөнүн эрежелерин алакандай элибизге таңуулоо канчалык деңгээлде акылга сыярын жана канчалык деңгээлде логикага туура келерин тарых кийин көрсөтөт.

Антсе да, төбөлдөрдүн дарегине айтылган сын-пикирлерден улам, алардын ачуусу келген учурда демин басып, “Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан”, акылман, алысты көрө билген Бакай атадай кеңешчилердин бар болбогону өкүндүрөт… Себеби, ар бир чыгарылган чечим тарых бетине жазыла берет, ар бир окуя — баш-аягы бар процесс. Аны бир ракурстан эмес, бир бурчтан эмес, дрон менен тарткандай бүтүндөй, толук, ар тараптуу караган оң эмеспи?!

Кантсе да, бүгүнкү иш-чарада демейдегиден көбүрөөк санаалаштардын чогулганы, тилектештиги өлкөдө сөз эркиндиги өлбөрүнөн кабар берди. Кесиптешим Токтосун Шамбетов айтмакчы, бүгүн жамгыр жааса, эртең күн чыгарына көзүм жетти.

Асель Сооронбаева

Булак: Checkit Media

Количество просмотров: 72