• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

“Бизди абакка отургузса, биз бак отургузабыз”. Журналисттер көчөт тигет

2 Бугу 202411:17 Бишкек Govori.TV

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Кыргызстандын Медиа Аракет Платформасы “Бизди абакка отургузса, биз бак отургузабыз” деген ураандын алдында тазалык акциясын өткөрөт.

“Бул – биз басма сөз эркиндигинин принциптерине таазим этип, ишмердүүлүгүндө чектөөлөргө, тоскоолдуктарга, кысымдарга дуушар болгон журналисттерди колдоо жана азыркы реалдуулуктарыбызда СИЗОдо камоо жана камоолорду билдирген өзгөчө күн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чара 4-майда саат 10.00 «Журналисттер аллеясында», А.Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Количество просмотров: 130