• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата журналисттер ишембилик уюштурушту

3 Бугу 2022 10:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте 3-май басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Журналисттер аллеясында ишембилик өтүүдө. Ага медиа өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү чогулушту.

Иш-чараны Кыргызстан медиасынын аракеттеги Платформасы уюштурган.

Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясын 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмеси түптөп, көчөттөр тигилген.

Белгилей кетсек, акыркы мезгилде сөз эркиндиги боюнча маселелер арбын көтөрүлүүдө.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда журналисттерге карата бир канча кылмыш иштери козголду.

“Медиа Полис” институ 2020-жылы октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, апрелде атайын баяндамасын жарыялаган. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап, саясий айдыңда авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Количество просмотров: 134