Бүгүн, 28-ноябрь саат 10:00гө карата 108 миңге чукул шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлады.
Анын айтымында, бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 107 миң 852 шайлоочу добуш берди.
«Бул жалпы шайлоочулардын 2,91 пайызын түздү. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген»,-деди ал.