Саат 14:00гө карата бирдиктүү шайлоо округу боюнча 602 миң 432 же 16,27% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
Анын айтымында, шайлоого Ош, Нарын жана Талас облусунун тургундары активдүү катышып жатат.
«Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 2 миң 720 (3,23%) адам өз тандоосун жасады. Муну менен шайлоого катышуу 16,27 пайызды түздү»,-деди ал.
Белгилей кетсек, жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө жайгашкан.