• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сабак өтүп жаткан мугалимди сүйрөп кеткен аялга сот айып салды

15 Бирдин айы 202011:39 Бишкек Govori.TV

Сабак өтүп жаткан жеринен мугалимди жулкунтуп сүйрөп кеткен аялды сот 30миң сомдук айып төлөөгө милдеттендирди. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту кабыл алды.

Маалымат боюнча, «майда бейбаштык» беренеси боюнча иштин алкагында, сот чечим кабыл алып, айыпталуучуга 30миң сом айып пул салган.

Эске салсак, окуя Бишкектин номур 95-мектебинде орун алып, анда аял мугалимди окуучулардын көзүнчө, сабак өтүп жаткан жеринен урушуп, колунан кармап сүйрөп чыккан.

Количество просмотров: 242