Өзгөндө аялдын сабалышы боюнча шектүү катары анын күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында аял жеңил жараат алганы аныкталган. Күйөөсү А.Ш. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
Социалдык тармактарда сабалып, башы канжалап, жүзү көгала болгон аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулары бул окуя Өзгөндө болгонун, аялды сабаган күйөөсүнө милиция чара көрбөй жатканын жазышкан. Бирок бул маалымат четке кагылган.
Ош облустук милициясынын комментариине ылайык, жабырлануучу 29-майда Өзгөн райондук милициясына кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү аялга коргоо ордери берилген.
Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон деп айтылууда маалыматта, бирок качан козголгон белгисиз.
Милициянын маалыматында Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучу жеңил жараат алган. Анын күйөөсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.